Оштогу мечиттердин бирине чолок шым кийип барып токмоктолгон бала жазган арызын кайтарып алды

Ош шаарындагы "Раббами" мечитине 11-июль күнү жума намазга чолок шым кийип барган Жыргал аттуу жаран жана аны токмоктоп салган Бекдөөлөт элдешти. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта "Раббами" мечитинин имамы Камбаралы Акматов билдирди.
Анын айтымында, мечитке ар ким ар кандай кийинип келүүгө укуктуу, бирок дене мүчөсү көрүнгөн жарандын окуган намазы кабыл болбойт.
"11-июлда болгон окуя жагымсыз. Ал жерде Бекдөөлөт (токмоктоп салган бала) туура эмес кадамга барган. Эгер ал күнөөлүү болсо, аны сот органдары териштирет. Бирок сабалган бала экөө жарашышты. Тактап айтканда, жабырлануучу тарап тосмо арыз берген. Мусулман болгондон кийин бирин-бири кечирүү керек. Ал эми сабалган баланын чыгымын Бекдөөлөт төлөп берүүгө тийиш",- деди ал.
Алынган маалыматтарга ылайык, сабалган Жыргалга 45 миң сомго операция жасалып, дагы 15 миң сом турган операция талап кылынат. 
 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
ayakosya
2014-08-01 12:18:02
Псих
0
WINNER
2014-08-01 14:24:26
ayakosya:Псих дебе! Ал болгону кандай кийимде барганды билбеген бала,аны урган болсо жакшы соз менен тушундуруп айтууну билбеген бала!
-1
uluk1982
2014-08-01 14:24:38
Балдардын кемчилиги деп тушунгуло!
0
Revolyutsioner
2014-08-01 14:36:13
uluk1982, Сен отсуз жашоо кандай экенин элестете албай жатсан керек. Чын адам болгон сон урушат, бирок мечитте себепсиз урушуу бугунку мусулмандар менен дин кызматкерлеринин денгээлинен кабар берет бул бир. Экинчиси оорукана чыгымдары толонгону менен бала бир омур жарым инвалид, тамакты ылгап ичет, оор жук которбойт, муну кантип толоп берууго болмок эле... Дин адамдары кадырын салып окуяны басты басты кылышыптыр, ал эми кылмышкер жазадан качып отурат...
+3
nargiz_96
2014-08-01 14:45:52
чолок шым дегенди кантип тушунсо болот
0
zhalynbek
2014-08-02 19:32:58
nargiz_96, шортик
0
arman00
2014-08-01 15:00:44
чолок шым бул шорта наргиз
0
MARGO55
2014-08-01 15:12:39
Ой тообо ошол жерден да чыгыптырда алсызды,кордогон акмактар!озунун эле ыйманына коюп жон эле тушундуруп койсо болот го,ал деле ошоончо Адам чолок шым кийбегенин коруп кийинки барышында чолок шымын узартып барса керек эле.Азыр акылдуулар ашып ташып жатат эки ооз соз айтып Бир жеринен ката кетирсен окутуп жон эле жеп жиберчуудой болушат,узакты айтпай эле мына ушул эле форумда.Анан мага мындайча ой келет баарыле акылдуу,билерман,А ЭМНЕ УЧУН ОНУКПОЙБУЗ?......
+5
Alai.kyzy
2014-08-01 16:04:57
MARGO55, туура айттыныз! Эмне учун онукпойбуз?! Себеби ичи тар, коро албаган сапатыбыз бар кыргыздарда. Аны моюндашыбыш керек.
+1
yoma.kg
2014-08-01 16:04:49
э философдор, критиктер, озунчоле умныйлар правила есть правила, шариятта деле ошондой, а аны сакташ керек, бул да сабак болуптур, оздорун эл козуно корсоткон muslimдерге!
+1
asiia03
2014-08-01 16:40:47
Kyrgyzdarda bashka elde jok en ele jaman sapattarubuz kop. Misalu: koro albastuk, ichi tar , oto namuskoilonyp,ishi kulup. Balkim al shashkanunan shorta menen barup algandur.
0
kamarik
2014-08-01 18:03:15
Мусулманчылыкта уруп согуу жок бир туугандар.
0
gulperi.kg
2014-08-01 20:23:03
неге чолок шым киет анан
0
margo87
2014-08-01 22:12:19
Ой эми мечитке барып алып ошол жерден, адам омуруно залал келтирип аткандан кийин, эмне деп айтууга болот? Ал эмне кудай болуп кеткенби, адамды жазалагандай. Акыр замандын келгени ушул болсо керек. Азыркы заманда адам менен дос болгуча, ит менен дос болуш керек болуп калган окшойт. Бекеринен айтылбаптыр ит адамдын досу деп.....
0
Bekzamann
2014-08-01 23:02:36
Бул акмакты камаш керек болчу тигинин отун жеди майып кылды.. Коркуткан болуусу керек арызынды ал деп.. Эх наалат сага...
0
djinn
2014-08-02 11:28:12
демек шарият боюнча кечиримдуу болуш керек десенер омур бою майып кылып койсо дагы отура бериш керек экенда шариятта ушундай жазылган деп
0
zhalynbek
2014-08-02 19:30:32
бекболотго кайрылат элем сен муштум менен эмес ыйман менен тарбия бергин и озунода ыйман келтир.
0
bekbolot-NOOKAT
2014-08-03 03:34:28
мен Мечитке тизеден ылдый шорта менен барам эч ким урбайт го !!! Аллахтын алдыда ак болсон болгону Ин шаа Аллах дуамды Кабыл кылып жатат !!! урбай тушундуруш керек Фитна кылбагыла антип.
0
beka88
2014-08-03 14:26:26
bekbolot-NOOKAT, бекболт тизеден ылдый кийсе шариятта болот тизе корунбосун тизе киндик уятууу жерлердин катарына кирет,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан