Бишкекте онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери митингге чыгышты (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 1-августта онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери митингге чыгышты. Ак кандуулук оорусуна чалдыккан 100гө чукул адам Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн жетекчиси Дамира Байзакованын кайра кызматка келүүсүн талап кылышты. Алар Байзакова кайра өз кызматына дайындалбаса, өлкөдө ак кан оорусу менен ооруган адамдардын өмүрүнө кооптуу жагдай жараларын айтышууда.

Ак кандуулук боюнча түзүлгөн фонддун жетекчиси Тууганбек Абдумомунов Байзакованы жумуштан негизсиз алып коюшканын айтып: “Кыргызстанда ак кан менен ооругандарга дарылар Швейцариядан келет. Аны Байзакова атайын гуманитардык жардам катары алдырып жаткан. Эгер кайра кызматына дайындалбаса, кан оорусуна чалдыккан балдардын өмүрү кооптуу абалга туш болот. Бул программаны алып келүүгө өкмөт аракет кылган эмес, Байзакованын күчү менен келген. Бизде андан башка адам дарыларды алып келе албайт. Ар бирибиз төрттөн, катуу ооругандар 6 иреттен капсула алып турабыз. Ал дарыны ичпей калса, 6 айдын ичинде өлүп калат. Дарынын 120 даанасы 3800 доллар турат, аны биз учурда бекер ичебиз.

Бул киши кызматтан негизсиз алынып калгандыгы үчүн биз бийликтен кайра алып келүүнү талап кылабыз”, - деди.

Депутат Айнуру Алтыбаева митингчилер менен жолукпай, Жогорку Кеңештин имаратына бара жаткан эле. Алар артынан кууп барып, талабын айтууга үлгүрүштү. 

"Кыргызстанда ак кандуулук дартына чалдыккандар боюнча маалыматым жок. Тиешелүү комитеттеги депутаттарды чакырайын десем, телефонум жок. Жаныңыздарга жакын барып сурайын десем, "президентке жолугабыз деп турушат" дегенинен баса бердим эле",- деди депутат. 

Учурда акцияга чыккандар президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусун талап кылып турушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zman53
2014-08-01 13:35:37
Телефонум жок? Тез арада бюджеттен акча болуп,телефон сатып бериш керек го?
0
aikow92
2014-08-01 13:51:51
Балдардын ата-энелери жыргагандан чыгышкан жок кыйкырып. Тиги Багазакова да жакшы иштегенде кызматтан алынмак эмес. Депутаттын маалыматы жок экендиги Саламаттыкты сактоо министрлигинин жакшы иштебегндиги жана депутаттын кызыкпагандагы. Депутаттар 2-3 проблеманы чече албай кыйкырып журо беришет. 2013-жыл Кумтор, Келдибеков менен отуп кетти. Байкуш балдарга кайдагы конул Келдибеков чет олкого кетип жатканда
0
bayana1987
2014-08-01 14:20:04
Айкош айым, Келдибеков аларды конул бурбагыла деген жок да..жоктон бар кылбанызчы жон эле... Балким башка саясат бардыр..министрлик эси ообой жасабайбы ошону..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан