Кытайда сот тарабынан 11 кыргыз жараны өмүр бою эркинен ажыратылган

"Кытайда кылмыш кылган бир кыргыз жараны өлүм жазасына тартылган". Бул тууралуу бүгүн, 21-январда ЖКнын Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова билдирди. “Учурда Кытайда 20 кыргызстандык жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатышат. Алардын ичинен 16 жаран баңгизатына байланыштуу, 2 жаран киши өлтүрүү, бирөөсү кыз уурдаганы үчүн, дагы бир жаран тоо жандыктарынын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташып жүргөндүгү үчүн соттолушкан. 11 жаран өмүр бою эркинен ажыратылса, узак мөөнөткө соттолгон 8 жаран бар”,- деди Усманова. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан