“Экөөбүз беш жылдан бери тааныш болчубуз. 23-июль күнү кечинде капысынан жолугуп калдык. Анан сыра ичип, 2 жолу жыныстык катнашка барганбыз. Кийин “мени зордуктадың, арыз жазам” деп коркутканынан кызды муунтуп, анан катып калган цементти башына таштап качып кетип калгам. Үй-бүлөлүүмүн, 4 айлык кызым бар”, - дейт кылмышка шектелип кармалган 21 жаштагы Азамат Мусуркулов.
Эске салсак, 24-июль күнү эртең менен Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам тарабынан өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылган. Ал кыздын зордукталып, анан катып калган цемент менен башка чаап өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн кыз 1992-жылы туулган Баткен облусунун Нуриза Якубова аттуу тургуну экендиги аныкталган. Окуядан көп өтпөй бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну Азамат Мусуркулов кармалган.