17-январда Талас облусунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун эки мүчөсү кармалды. Алар Талас ОИИБи, жергиликтүү бийлик органдары жана дин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын алкагында колго түштү. Кармалгандар 1990-жылы туулган К.Н.Т. жана 1982-жылы туулган Б.Ж. аттуу облус тургундары экендиги аныкталды. Аларга бир топ түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада бул эки жаран кетирген катасын моюндарына алышып, уюмдун мүчөлүгүнөн чыга тургандыктарын убадалашканын билдирет Талас ОИИБи.