Жалал-Абад шаарындагы милиция бөлүмүндө мурда соттолгон жарандын иштеп келгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарында иштеп келген Ж.Б.У. аттуу жаран 2005-жылы Жалал-Абадда 3 жашар кызды унаа менен сүзүп кеткен. Кырсыктан улам кыз мүрт кетип, факты боюнча “транспорттук унааны эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында айыпталуучу 2 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган. Буга карабастан, ал Ош ШИИБинин Жол-кайгуул кызматына ишке алынганы белгилүү болду.
Аталган факты боюнча 2014-жылдын 11-июлунда УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.