Кадамжай районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Райондук жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 1-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн саат 15:00 чамасында аталган райондун Кара-Дөбө айылында болгон. Анда кичи жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 5 адам жабыркаган. Учурда алар ооруканага жеткирилген.