Талас облусунун Манас районундагы Бала-Саруу айылында гранттык каражаттардын эсебинен жалпы суммасы 5 миллион 103 миң сомдук заманбап үлгүдөгү спорт зал курулуп бүтүүнүн алдында турат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле райондун Кара-Арча айылында баасы 3 миллион 240 миң сомдук дагы бир спорт зал курулуп жатат. Мындай спорттук жайлардын курулушу айыл элин сергек жашоого үндөп, мыкты спортчулардын тарбияланып чыгышына шарт түзө тургандыгын айтат өкүлчүлүк.