Кызматтык паспорту бар кыргызстандык жарандар Индия өлкөсүнө визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат

Кызматтык паспорту бар кыргызстандык жарандар Индия өлкөсүнө визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул сунушту бүгүн, 21-январда ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Жыйында мындай мүмкүнчүлүк эки өлкөнүн дипломатиялык мамлекеттик жогорку кызматкерлери үчүн гана түзүлө тургандыгы белгилүү болду. Бешимов бул маселе боюнча 2012-жылдын июнь айында Индия тарап менен сүйлөшүүлөр болгондугун кошумчалады. Бул сунуш комитетте колдоо таап, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан