
* Мындан 7 жыл мурун, 2007-жылы дарыгер-сексопатолог, Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицинадагы ишмердиги үчүн берилген 7 медалдын ээси
Күлчоро Аскаров каза болгон. Күлчоро Аскаров 1940-жылы 10-июнда Токтогул өрөөнүндөгү айтылуу Үч-Терек айылында туулган. Анын “Эки жүрөк - бир сүйүү” аттуу китеби эркек менен аялдын ортосундагы элге айтылгыс төшөк маданиятына арналган.

* Мындан 53 жыл мурун, 1961-жылы АКШнын тарыхында биринчи кара терилүү өлкө башчысы, өлкөнүн 44-президенти
Барак Обама Гавайиде туулган. Атасы Америкага Кениядан келген, Барактын ата-энеси ал эки жашында ажырашып кетишкен. Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай Пунахау командасынын курамында штаттын чемпиондугун да жеңип алган. 1983-жылы Эл аралык бизнес корпорациясында финансылык маалымат бөлүмүнүн редактору болгон. 1988-жылы Гарвард университетине тапшырып, университеттин "Harvard Law Review" басылмасынын тарыхында биринчи жолу кара редактор болгон. Бул көрүнүш дагы бир жолу кайталанып, АКШнын тарыхында биринчи жолу кара президент болуп отурат.
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы Пекинде өтүүчү Олимпиададан 4 күн мурун Кашкарда уйгур улутундагы 2 адам чуркап бараткан полиция кызматкерлерин жүк ташуучу унаа менен сүзүп өтүп, аларга жарылуучу заттарды ыргытышкан. 16 полиция кызматкери каза болуп, дагы 16сы жаракат алышкан.