Өткөн сутка ичинде республика аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен үйдүн жыгач полу, терезелери күйгөн. Ошондой эле үй ээси бутунан күйүк алган. Өрттүн келип чыгышына тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон.