Чыңгысбек Узакбаев: "Кыргызстан жыл сайын 200 тонна жер семирткич сурап Өзбекстанга кат жөнөтүп, бирок жооп албайт"

Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев "Кытай Кыргызстанга минералдык жер семирткич чыгарчу завод курса, жер семирткичтердин баасы 5-7 сомдон ашмак эмес" деп билдирди. ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин 21-январдагы жыйынына катышкан министр жыл сайын жазында өлкөдө жер семирткич заттардын тартыштыгы жарала турганын айтты. “Кыргызстанга 340 миң тонна жер семирткич керек, кыргыз өкмөтү жыл сайын 200 тонна жер семирткич берүүсүн суранып Өзбекстанга кат жиберет. Бирок бул өтүнүч аткарылбайт. Кыргызстанга жер семирткич зат чыгаруучу завод куруу боюнча Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок аларга мамлекет тарабынан кепилдик керек. Эгер бул маселе чечилсе, жер семирткич 5-7 сом болуп дыйкандарга жакшы болмок”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан