Ысык-Көлдө Франциянын жараны тонолду

Ысык-Көлдө Франциянын жараны тонолду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 2-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 1-август күнү кечинде милиция кызматкерлерине Ак-Суу райондук ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Анда денесинен жараат алган Франциянын 36 жаштагы Одри Шастон аттуу жараны ооруканага кайрылганы айтылган.

Бул боюнча жабырлануучу айым суракка алынган. Анын айтымында, 22-июль күнү Алтын-Арашан жайлоосуна барган. Ошол эле күнү кечинде саат 22:00 чамасында Урмат аттуу бала боз үйгө кирип, эч себеби жок аны күч колдонуп сабап, жанындагы 5 миң сом акчасын, кредиттик карточкасын алып койгон. Эртеси күнү ошол эле Урмат аттуу бала жана боз үйдүн ээси жабырлануучуну Каракол шаарына таштап, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, окуя болгон жерден далил заттар алынып, тергөөгө жөнөтүлгөн. Бул кылмышка 1986-жылы туулган Урмат Солтобаев шектелүүдө. Учурда аны кармоо иштери жүрүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
nasi81
2014-08-02 13:45:50
Уят, абдан жапайычылык.
+1
nurik92
2014-08-02 14:00:25
Кыргызтанды ушулар уят кылатта... Ашыкчале бейбаштыкта бул.
0
infiniti
2014-08-02 15:34:00
Ушундай карангылыктан,жапайычылыктан качан арылаар экенбиз! Уят!
+1
lolalola
2014-08-02 15:37:34
Mankurttar, japayilar KGga kim barat...
Turistterdi tonogondordu katuu jazalash kerek, kolun kesip salysh kerek.
+3
josholu
2014-08-02 15:42:21
ушинте берсек эртен турсттин "т" сын корбой калабыз го
+1
talant_kg88
2014-08-03 01:01:57
josholu, эмне кереги бар башка улуттардын бизге
-6
Sharos
2014-08-02 15:53:34
Бутундой Кыргыз элин уят кылган турбайбы. Ал байкуш кыргыздын жерине суктанып келип отурса алыстан, анан биздин жарандардын бул кылган кылыгы туура эмес. Созсуз жазасын бериш керек
+4
jasi
2014-08-02 16:55:36
Кыргыздар озу жаман аттан арыла албай жатканда дагы бир манкурт жаман атты кобойткон го. Келген туристти ушинтип тоноп турса анан Кыргызстанга кайсы турист келсин. Келиштен да коркуп калышат да байкуштар
+1
bektur12
2014-08-02 17:02:32
Super info silerden suranych adam menen adamdyn mamilesi biri birin syiloonu jana urushkan ubakta dagy mushtashpoonu biroono ech kachan kol kotorgon bolboi turganyn ar bir adam ozyncho aruu duino ekeni jonundo kenenireek makala jazgulachy!? Aldun ala raxmat!!!
0
admin_superstan
2014-08-04 10:21:48
bektur12, провокацяга жол жок. Ал эми сунушуңуз эсибизде болот.
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
bektur12
2014-08-02 17:44:20
Bashka olkogo barchy turist bolup yiylyp tosup alyp aman esen uzatat. A biz ittei bolup kaap alabuz. Kelgile tuugandar olkobuzdy onuktyrolu desek OROI eme sylyk, AIBAN emes ADAM bololuchu!!!
+1
Myrzake
2014-08-02 17:53:45
Быйыл Ыссык-колго барып мактап келдим эле милиция деле корунбойт баары тынч ууру жок деп.Ушинтип уят кылышат да.
+1
zhalynbek
2014-08-02 19:40:59
жаш эле бала экен алла таала берген куч-кубат оз мээнетин менен эле тапсан болмок болбогон 5000мин сом учун беш жылдык омурун турмодо отот
+1
Akabai
2014-08-02 21:11:34
Болуп турат анча мынча турист келбей коёт деп ыйлап алыпсынарда, ошол туристтердин акчасын алкымы чон аткаминерлер эле жейт
-1
Revolyutsioner
2014-08-03 14:28:30
Биринчиден туристтерди тоноо уят, оз торундо конокту тоногон адамды акмак эле жактабаса,эч ким туура корбойт. Ал эми туристтерден тушкон акча бюджетке эмес чондордун алкымына кетип жатканы башка маселе, бизде бийлик жана коом озгормойунчо бул маселе боло берчу корунуш. Ал эми башка жакта кордук коргон биздин жарандар турист катары эмес иштоо учун барышкан,ал эми укуктары бузулуп кордук коруп жатышса ошолорду коз жаздымынан кетирип алаканын куушуруп отурган биздин элчиликтер менен бийлик куноолуу
0
admin_superstan
2014-08-04 10:23:32
allkill, аймактык бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөргө жана кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
nur82, сайттын башка катышуучусун кемсинтүүдөн алыс болүңүз! Эскертүү!
talant_kg88, талкуудан алыстабаңыз!
0
PATRIOT.KG84
2014-08-04 12:25:37
бироосу тоносо бироосу олтурсо туристерди бизге ким келет минтип отурса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан