Бүгүн, 2-августта Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Диль Корея Республикасынын Улуттук мунай корпорациясынын төрагасы Тай Бок Лини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кара-Балта жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна чийки зат ташып келүү маселесин талкуулашты. Корей делегациясы биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган мунай заводдоруна чийки зат ташуу боюнча өз ара пайдалуу чечим табуу зарылдыгы тууралуу пикирге келишти.