Нарын ОИИБинин маалымат кызматы 2012-жылы облус боюнча айдоочулар тарабынан 21 миң 745 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын билдирди. Бул айдоочулардын ичинен 709у мас абалында кармалышкан.
Ошондой эле былтыр укук коргоо кызматкерлери тарабынан коомчулук менен байланышты чыңдоо багытында 177 элдик жыйындар өтүп, ага 41 миң 431 адам катышкан. Мунун натыйжасында өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук 46,5 пайызга азайган.