Каркыра жайлоосунда эки адам жер талашып, бири экинчисин мылтык менен атып салды

Каркыра жайлоосунда эки адам жер талашып, бири экинчисин мылтык менен атып салды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 2-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 1-август күнү Түп районунун Каркыра жайлоосунда эки адамдын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен бири экинчисин мылтык менен атып салган. Чырдын келип чыгышына жайлоодогу жер талашуу себеп болгон. Анткени ал жерден чөп чабышчу.

Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
upol92
2014-08-03 21:29:30
Тооба кылдым Эми жерди ээлеп жатсын
+2
Aimeerimka
2014-08-04 03:17:47
Олтуруп журо бергиле кыргыздар бири биринерди. Бизге башка улут кол салбаса деле кыргыз бири бирин кырып жок кылат.
+1
nasi81
2014-08-04 08:47:23
Эх адамдар эмне болуп баратабыз? Адам олтуруу, зордуктоо, талап тоноо адатка айланып баратат.
0
admin_superstan
2014-08-04 10:15:28
zhanka1234, Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
maraza
2014-08-04 10:18:07
Al jakta jerler chatak, oshon uchun ushuga jetti da. Oido jakta oturgan okmot eldin jerlerin taktap bekitip berbese dagy atyshat.
0
insap
2014-08-04 10:55:56
Капырай, жайыт талашып да адам аткан барбы? чындаган мыкаачы же болбосо ачуусун тыя албаган жетик акмак көрүнөт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан