Депутат Эсенгул Исаков мал чарбасы боюнча кредит алгандар 5 жылдык мөөнөткө алуусу керектигин айтты

Депутат Эсенгул Исаков дыйкандарга 5 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген кредит берүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, өкмөт быйыл дыйкандарга 10 пайыздык үстөк менен кредит берүүнү пландап жатат. “Мал чарбасы боюнча кредит алгандар беш жылдан кем эмес мөөнөт менен алышы керек. Эки жылдык мөөнөт менен алып, анын пайдасын көрбөсө, мен макул эмесмин”,- дейт эл өкүлү. Депутат билдиргендей, өкмөттүн “Дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер-2” долбоорунда каралган 700 миллион сомдун учурда 556 миллиону дыйкандарга берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан