Бүгүн, 4-августта Бишкекте Израилдин Газа тилкесин жардырып, талкалоосуна байланыштуу жыйын өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жаш активист Жеңишбек Молдокматов катышууда. Жыйында Израиль армиясынын Газага болгон аткылоосунан бейкүнөө каза болгондордун сүрөттөрүн көрсөтүп жатышат.
Жогоруда аты аталгандар буга чейин да кырдаалга байланыштуу эки ирет акция өткөрүшкөн.
Эске салсак, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда.