Июль айында бюджеттин киреше бөлүгүн Бажы кызматы 138 миллион сомго ашыкча аткарды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өлкөнүн республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча иштиктүү жыйын өткөрүп, анда июль айында бюджеттин киреше бөлүгүн Бажы кызматы 138 миллион сомго ашыкча аткарганы белгилүү болду. Бул тууралуу 2-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов маалымдагандай, июль айынын жыйынтыгы боюнча, план 138 миллион сомго ашыкча аткарылган.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Замир Осмонов билдиргендей, июль айына карата план дээрлик 160 миллион сомго ашыкча аткарылган. Натыйжада ашыкча аткарылган каражаттын суммасы 299 миллион сомдон ашык болгон.

Биринчи вице-премьер-министр бажы жана салык кызматкерлерине июль айынын жыйынтыгы боюнча планды ашыгы менен аткаргандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, аталган темптен калбоону тапшырды.

“Эч кандай ишти бошоңдотуу орун албашы керек. Сиздердин алдыңыздарда келерки айлардын пландарын ашыгы менен аткаруу милдети коюлган. Планды ашыкча аткаруу жолу аркылуу гана бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу боюнча пландан артта калууну кыскартууга болот. Ошондуктан кошумча резервдерди аныктоо боюнча ишти активдештирүү зарыл",- деди Т.Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан