Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 25 миң сом пара алып жаткан жеринен ИИМдин алдындагы Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагындагы кызматкери жана "Аудит-эксперт" компаниясынын кызматкери 5 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу 4-августта УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ички иштер органдарынын кызматкери, милициянын полковниги А.А.О. "Т-А" ЖЧКысын текшерүүгө алууну айткан. Аудит боюнча адис Ш.А.Ж. текшерүүнү токтотууну убада кылып, "Т-А" ЖЧКнын аткаруучу директорунан 1000 доллар каражат сураган. Бул факты боюнча 25-июлда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Азыркы тапта кармалгандар соттун чечими менен Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын тергөө абагына камалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Сүрөтү жарыяланган кылмышка шектүүлөрдөн жабыркагандар көрсөтүлгөн телефондор аркылуу байланышса болот: (03222) 2-66-76, 5-55-11.