Үй-бүлөсү менен Ысык-Көлгө эс алганы келген орусиялык жаран жергиликтүү тургун тарабынан атылып өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен бүгүн, 4-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-август күнү саат 02:30 чамасында Бостери айылындагы “Алтын кум” пансионатынын аймагында жайгашкан “У лесника” кафесинде Ысык-Көлгө үй-бүлөсү менен эс алуу үчүн келген 1981-жылы туулган Сергей Галян аттуу орусиялык жаран менен 1989-жылы туулган Станислав Шаров аттуу кыргызстандык жарандын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен кыргызстандык жаран орусиялык жаранды газ тапанчасы менен моюн тарапка атып салган. Жабырлануучу алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.
Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 25 жаштагы кыргызстандык жаран менен 33 жаштагы орусиялык жаран 2-август күнү көл жээгинде таанышканы белгилүү болгон. Андан соң Аба-десанттык аскерлер күнүн белгилешип, спирт ичимдиктерин ичишкен. Кийин экөөнүн ортосунда чыр чыккан.
Учурда кылмышка шектүү кармалды. Ал аялы жана атасы менен облус аймагынан чыгып кетүүгө аракет кылган.