Ош облусунда пара алып жаткан жеринен сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында милиция кызматкерлерине Ош облусунун тургуну кайрылган. Анда ал сот аткаруучу жарандык иш боюнча маселени чечип берүү үчүн 15 миң сом пара талап кылганын айткан. Бул иш боюнча иликтөөлөр жүрүп, аталган сот аткаруучу 5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда “пара талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.