Ош-Бишкек унаа жолунда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери 24-январга чейин улантылат

Ош-Бишкек унаа жолунда кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери 24-январга чейин улантылат. Аткылоо иштери бул унаа жолунун 121-138-чакырымдары жана 198-265-чакырым аралыктарында болмокчу. "Табият кырсыктарын алдын алып жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында премьер-министрдин буйругу чыккан. Аны аткаруу үчүн атайын топ түзүлүп, кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери 18-январдан баштап жүрүп жатат",- дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан