Бишкектеги колониялардын биринде кызматкер абактагы адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-август күнү саат 21:50 чамасында №47-колониянын аймагына белгисиз адам тарабынан буюм ыргытылган. Аны колониянын кызматкерлери байкап калышып, ыргытылган буюмду алып жатышкан абактагы адамдарды кармашкан. Алар ошол учурда каршылык көрсөтүшүп, колониянын А.Б. аттуу кызматкерин сабап салышкан. Анын кесепетинен ал денесинен жараат алган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.