Каракол шаарынын тургуну 20 килограмм баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Каракол шаарынын чет жакасынан 45 жаштагы аталган шаардын тургуну кармалган. Анын жанындагы мүшөктү текшерүүгө алууда ичинен 20 килограмм марихуана баңгизаты табылган. Иликтөөдө аталган жаран мурда бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.
Учурда 45 жаштагы Г.Андрей убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө уланууда.