Сузак районунда атасы баласын бычак менен сайып, анын кесепетинен уулу каза болду

Сузак районунда атасы баласын бычак менен сайып, анын кесепетинен уулу каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 2-август күнү саат 20:30 чамасында Сузак районунун Таш-Дөбө айылынын 58 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну менен 28 жаштагы Ш.Ш. аттуу баласынын ортосунда уруш чыккан. Мындан улам атасы мас абалында баласын төш тарапка бычак менен сайып салган. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен оор жараат алып, эсине келе албай ооруканада каза тапкан. Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shkolad87
2014-08-05 02:36:28
бейишин берсин,карачы арак емнеге алпарат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан