Украинадагы окуяларга байланыштуу эл аралык патриоттук чогулуш Ысык-Көлдө өтөт

18-28-август күндөрү Ысык-Көлдө "Союз-2014 – Жеңиштин урпактары" аталышындагы эл аралык патриоттук уюмдардын аскерий-спорттук оюндары өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта маалымат жыйынында уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада мурунку Советтер Союзунун 12 мамлекетинен 500дөн ашуун жаштар катышат. "Бул оюндар онунчу болуп саналат. Буга чейин иш-чараны Украинада өткөрүү пландалган болчу. Бирок бул өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу ал Кыргызстанда болот деп чечилди",- деген уюштуруучулар иш-чаранын максаты жаштар арасында эл аралык достукту бекемдөө экенин белгилеп өтүштү. Расмий ачылышы 19-августта Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага өкмөт мүчөлөрү, чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлдөрү катышышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан