Кыргызстандык жаран "Орусияда жасалма паспорт пайдаланып жүргөн" деген шек менен кармалды

Кыргызстандын жараны "Орусиянын Оренбург облусунда жасалма паспорт пайдаланып жүргөн" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынан бүгүн, 4-августта кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Оренбург шаарынын Транспорт полициясы тарабынан КРнын 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жараны кармалган. Аны текшерүүгө алганда паспортунун айрым бөлүктөрү жасалма экендиги белгилүү болгон. Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, мындай мыйзам бузуу үчүн 80 миң рубль айып пул салынат же 6 ай камакка алуу менен чара көрүлөт. Белгилүү болгондой, аталган кыргызстандык жаранга мурда эле Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган экен. Учурда кыргызстандык жарандын сот отурумун күтүп жатканы аныкталды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
josholu
2014-08-04 12:47:51
жооооон эле журсо болмок.
0
shkolad87
2014-08-05 02:31:39
тиргиликда кыргызстандын бийлиги жакшы иштеп иш менен камсыз кылса мындай иштерге бармак емес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан