Орусияга баңгизатын ташып бараткан кыргызстандык Казакстандан кармалды

Орусияга баңгизатын ташып бараткан кыргызстандык Казакстандан кармалды. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары бүгүн, 4-августта кабарлашууда. 

Маалыматтарга караганда, 1980-жылы туулган КРнын жараны Казакстандын Жамбыл районунан кармалган. Белгилүү болгондой, аталган жаранды текшерүүгө алууда укук кызматкерлеринин жанындагы кызматтык ит баңгизат бар экендиги тууралуу белги берген. 

КРнын жаранынын жанынан 9 килограмм героин, 7 килограмм оогандык чарса (гашиш, героин, каннабистин аралашмасы) баңгизаты табылган. 

Иликтөөдө бул баңгизат 1,7 миллион долларга баалангандыгы жана ал Орусияга алынып бараткандыгы белгилүү болгон. Учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
windows.kg
2014-08-04 13:40:09
Озбек болсо керек да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан