КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 4-августта Кытай Эл Республикасындагы "Синьцзянь" өндүрүш-курулуш корпорациясынын саясий комиссары Чэ Цзюнь баш болгон делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык тармактагы кызматташуунун планы жана айыл чарбада биргеликте ишке ашырыла турган долбоорлорду талкуулашты.
Т.Сарпашев кыргыз-кытай мамилеси жылдан-жылга өнүгүп, жакшы жыйынтык берип жатканын белгилеп өттү. "Бүгүнкү күндө энергетика, жол куруу, тоо-кен тармагындагы ири долбоорлор жана алгылыктуу иштер кытайлык инвесторлордун эсебинен курулуп жатат. Агрардык жаатта биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүүгө кыргыз өкмөтү кызыкдар",- деди ал.