2015-2017-жылдардагы социалдык өнүгүү программасында жарандык коомдун эскертүүлөрү каралышы керектиги айтылды

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 4-августта Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдардагы социалдык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"2015-2017-жылдарга карата социалдык өнүгүү программасынын ишке ашырылышы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга сапаттуу колдоо көрсөтүүгө багытталып иштелип чыгышы керек. Ошондой эле жардам көрсөтүп жаткандардын жоопкерчилигин карап, колдоо көрсөтүүлөрдүн даректүүлүгүн камсыздоого багытталышы зарыл. 22-августта программа боюнча жыйынтыктоочу документ мекемелер аралык комиссиянын талкуусуна жөнөтүлүшү керек. Андан кийин 2015-жылдагы республикалык бюджетке киргизүү үчүн Каржы министрлигине жиберилет",- деди Эльвира Сариева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан