Эртең Бишкекте 2015-2017-жылдарга карата бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар өтөт

Эртең, 6-августта Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрөт. Ага премьер-министр Жоомарт Оторбаев, каржы министри Ольга Лаврова, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Мамлекеттик финансыларды башкаруу системин реформалоонун алкагындагы артыкчылыктуу багыттардын бири катары бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыздоо аталган иш-чараны өткөрүүнүн башкы максаты болуп саналат.

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жана сунушталган бюджетти биргеликте талкуулоо бюджеттик процесске коомдук катышуунун натыйжалуулугун жогорулатат жана документтин сапатын жакшыртууга, бюджеттик каражаттардын натыйжалуулугун оптималдаштырууга жана жогорулатууга өбөлгө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан