Бишкекте 3 жол тандабас унаа өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, кечээ саат 11:00 чамасында Курчатов көчөсүндөгү мончолордун биринде өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон аймакка келишип, эки сааттын аралыгында жалынды толук өчүрүп бүтүрүшкөн. Өрттүн айынан мончонун 250 чарчы метри, Лэнд-Крузэр үлгүсүндөгү жана БМВ үлгүсүндөгү 2 жол тандабас унаа толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн келип чыгышынын себеби такталууда.