"Ысык-Көлгө эс алганы келген Франциянын жаранын сабап, анан тоногон" деп шектелип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 1-август күнү кечинде милиция кызматкерлерине Ак-Суу райондук ооруканасынан маалымат келип түшкөн. Анда денесинен жараат алган Франциянын 36 жаштагы Одри Шастон аттуу жараны ооруканага кайрылганы айтылган.
Бул боюнча жабырлануучу айым суракка алынган. Анын айтымында, 22-июль күнү Алтын-Арашан жайлоосуна барган. Ошол эле күнү кечинде саат 22:00 чамасында Урмат аттуу бала боз үйгө кирип, эч себеби жок аны күч колдонуп сабап, жанындагы 5 миң сом акчасын, кредиттик карточкасын алып койгон. Эртеси ошол эле Урмат аттуу бала жана боз үйдүн ээси жабырлануучуну Каракол шаарына таштап, из жашырып кетишкен.
Бул кылмышка 1986-жылы туулган Урмат Солтобаев шектелген эле. Учурда ал кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.