Жети-Өгүздө мас абалындагы жаран өрт кырсыгынан каза тапты

Жети-Өгүздө мас абалында үйүндө тамеки тарткан жаран өрт кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.

Маалыматтарга ылайык, кечээ Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы үйлөрдүн биринде өрт чыккан. Анын айынан турак үйдүн 4 чарчы метри күйгөн. Үйдүн ичинен анын ээси Горинин Михаилдин жансыз денеси табылган. Мас абалында тамеки тартуудагы этиятсыздык кырсыктын келип чыгышына себеп болгону аныкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан