Жалал-Абадда 49 тонна жапайы кара куурай орулуп жок кылынды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан 15-июлдан 22-июлга чейин «Кара куурай» аталган ыкчам алдын алуу операциясы жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарына байланыштуу 5 кылмыш иши  аныкталып, алардын бети ачылган. Анын ичинен 4 кылмыш иши баңгизаттарын мыйзамсыз сактоо, 1 кылмыш иши баңгизат өсүмдүктөрүн мыйзамсыз эгип өстүрүү болду.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө облустун аймагында 553 гектар жер изилденип, 49 тонна жапайы кара куурай өсүмдүгү орулуп жок кылынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2014-08-05 10:58:26
Биз мектепте окуп жүргөндө жайкы практика учурунда кендирлерди терчүбүз, бирок ал жаңы гана бой алып өсүп калганда чыкчубуз. Булардыкы аябай өсүп кеткен турбайбы, жулганга да оор. Ушул ыкманы колдонсо болмок, бирок эртерээк башташса жакшы, бышып кеткенде баштабай...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан