Бишкек – Ош унаа жолунун 486-чакырымында Форд Транзит унаасынын айдоочусу 30 жаштагы айымды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу Ноокен райондук ооруканасында алган жараатынан улам каза тапкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-август күнү болгон. 30 жаштагы И.А. аттуу айымды сүзүп кеткен жаран 32 жаштагы Х.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну экендиги аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.