Орусиянын Амур облусунда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө мамлекеттердин жарандары, алардын басымдуу бөлүгү кыргызстандык жана өзбекстандык жарандар жасалма миграциялык карталарды колдонгондугу үчүн кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Орусия ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар аталган карталар аркылуу жумушка орношуп, акча каражат таап жатышкан. “Мындан тышкары бул карталарда жок болгон көзөмөл-өткөрүүчү жайлар белгиленген экен.
Тергөө амалдары бүткөнгө чейин кылмышка шектүүлөр Амур облусунун аймагында болушат. Тиешелүү чечим чыккан соң, аларга өлкөгө кирүүгө тыюу салынат”,- деп айтылат маалыматта.