Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри менен аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулады

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун жыйынтыктары, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон жолугушуу боюнча министр Эрлан Абдылдаевдин докладын укту.

Президент Алмазбек Атамбаев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев күн тартибиндеги аймактык жана эл аралык маселелерди да талкуулашты.

Мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги чет элдик өнөктөштөр менен ар тараптуу байланыштарды өнүктүрүү жана орун алган маселелерди чечүүдө өз ара алгылыктуу чечимдерге жетишүүдө Кыргызстандын улуттук таламдарын милдеттүү түрдө эске алуу менен активдүү ишти улантуу зарылдыгын белгилеп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан