Кадамжай районунда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн Өзбекстандын 3 жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жарандар курулуш тармактарында иштеп келишкен. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.