Өзгөн районунун 41 жаштагы тургунунан чоң көлөмдөгү баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынан бүгүн, 5-августта билдиришти.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 4-август күнү жеңил унаанын ичине катылган, салмагы 17 килограмм 552 грамм болгон героин табылган.
Унаанын ээси 31-июль күнү 3 килограмм баңгизаты менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.