Мамлекет башчы Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо күнүн бекитти

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “КРнын Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта президенттик аппараттан билдирди.

Жарлыкка ылайык, КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын мыйзамынын 39, 58-беренелерине ылайык төмөнкүдөй токтом кылынат:

КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын Учар жана Дыйкан-Кыштак шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоо 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалсын.

БШКга жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КРнын Өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды БШКнын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлүүгө;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрүүгө тийиш.

Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүү, тактоодо жана түзүүдө, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү милдети тапшырылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан