Бүгүн, 5-августта вице-премьер Абдырахман Маматалиев БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын аймактык бөлүм өкүлү, адам укугу боюнча эл аралык кеңешчи Лауру Мачинини кабыл алды. Өкмөт аппаратынан билдиргендей, жолугушууда тараптар Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин келечектеги иштерин талкуулады.
“Кыргызстан тарабынан адам укугун камсыздоо боюнча алынган эл аралык келишимдерди жана сунуштарды аткаруу жаатында ишти улантуу зарыл деп эсептейм. Бизге БУУнун Адам укугу боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы менен кызматташуу жана жемиштүү баарлашуу көрсөтүлгөн багытта оңдуу жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүндүк берет”, - деди вице-премьер.