Бишкекте унаанын тетиктерине баңгизатын катып Орусияга алып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Укук коргоо кызматкерлерине келип түшкөн маалыматтын негизинде УКМК кызматкерлери тарабынан жеңил автоунаа токтотулган. Аталган унааны текшерүүгө алууда тетиктерине катылган 16 килограмм 500 грамм героин табылган.
Иликтөөдө баңгизат Орусияга алынып бара жаткандыгы аныкталган. Учурда баңгизат менен кармалган М.А. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери уланууда.