Өткөн сутка ичинде республика аймагында 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 9, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Сокулук районундагы Шопоков станциясында 21 даана темир жол тактайлары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.