"Бишкектин мэрин эл шайлашы керек жана мэр эл алдында жооп бериши керек" деп эсептейт эл өкүлү Өмүрбек Абдрахманов. Бул тууралуу депутат бүгүн, 21-январда ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Бишкек жана Ош шаарларынын статусу” боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди. “Мэрлер элге эмес, жогорку бийликке кызмат кылып жатат. Дүйнөлүк практиканы карасак, башка мамлекеттердин 90 пайызында шаар мэрин эл өзү шайлайт”,- деди Абдрахманов. Демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев “ошол кездеги саясий абалдын туруксуздугунан улам бул маселе каралбай калган”,- деп жооп берди.