Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер алты адамды тизмеден чыгарды. Мындай чечим бүгүн, 5-августта БШКнын жыйынында кабыл алынганын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, алардын бешөөсү “Ата Мекен” партиясынан болсо, бирөө “Ар-намыс” партиясынан.
“Ата Мекен” партиясынан Айсулуу Мустапакулова, Алишер Юсупов, Сарылбек Борбашев, Кабылбек Бешимбаев, Таалайкул Исакунова, ал эми “Ар-намыс” партиясынан Жеенбек Мукамбетов.