Камила Талиева Кыргыз Эл артистинин концертинде шылдың болду

Жакында Кыргыз Эл артисти Гүлсүн Мамашеванын концертинде Камила Талиева сөзүнөн жаңылып уят болду. “Гүлсүн эже, сиздин “Он сегиз жаш” деген ырыңызды угуп чоңойдук. “Он сегиз жашты” уккандан эстетикалык рахат алып, толкунданчу элек. Бул ырды эл эч качан унутпайт” дегенин 4-августта "Вечерний Бишкек" гезитинин сайты жазып чыкты.

Концертте отургандарды министрдин айткан сөзү таң калтырган. Анткени ал чыгарманы Кыргыз Эл артисти Зейнеп Шаакеева аткарып келген эле. "Башкасы болсо мейли дейт элек, бирок ал ырды Гүлсүн Мамашева ырдабаганын маданият министрибиздин билбей калганы кандай?" деп жазылат маалыматта.

18 жаш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан