* Мындан 72 жыл мурун, 1942-жылы дзоттун амбразурасын төшү менен тосуп эрдик жасаган Чолпонбай Түлөбердиев каза болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген. Чолпонбай Түлөбердиев 1922-жылы Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чакырылып, 1941-жылы согушка кирген.

* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы КРнын Башкы прокурору
Аида Салянова Нарын шаарында туулган. Ал 1989-1991-жылдары Фрунзедеги Соода техникумунун укук таануу бөлүмүндө окуп, 1991-1996-жылдары КМУнун юридикалык факультетин аяктаган. Аида Салянова 2011-жылы президенттин ЖКдагы өкүлү болсо, 2011-жылдын 14-апрелинен тарта башкы прокурор кызматын аркалай баштаган.
* Мындан 69 жыл мурун, 1945-жылы АКШ Япониянын Хиросима шаарына атомдук бомба таштаган. Анын кесепетинен 100 миңдеген адам каза болгон.