22-январда Бишкектин жана Аламүдүн районунун айрым жерлеринде электр жарыгын берүү чектелет
Бишкек шаарынын Чапаев, Ремесленный, Ахунбаев, 6-линия, Горький,
Панфилов көчөлөрүндө 21-январдан 22-январга караган түнү саат 00:00дөн 06:00гө чейин
электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКсынын басма сөз кызматы
билдирет. Бул өчүрүүлөр “Южная” көмөк чордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу
болмокчу. Ошондой эле бул күнү “Берлик” көмөк чордонундагы аба
чубалгыларын оңдоо иштерине байланыштуу
саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районунун Берлик жана Васильевка
айылдарында электр энергиясын берүү чектелет.